Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда 

Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүнө байланыштуу окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлүп жатканы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Бишкектеги №33 гимназияда окуучулар эвакуацияланып жатат. Борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары да бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Бишкек шаардык милициясына байланышканда алар жогорудагы маалымат такталып жатканын билдиришти.

Related posts

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды 

admin

Садыр Жапаров АКШ Сенатынын комитет башчысы жана Конгресс сенаторлору менен кездешти

admin

Ташиев депутаттарды тууган-тааныштарын кызматка дайындоону токтотууга чакырды

admin

Комментарий