Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда 

Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүнө байланыштуу окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлүп жатканы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Бишкектеги №33 гимназияда окуучулар эвакуацияланып жатат. Борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары да бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Бишкек шаардык милициясына байланышканда алар жогорудагы маалымат такталып жатканын билдиришти.

Related posts

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Абрахматованын компетенциясын карап чыгууну өтүнүп, билдирүү жасады 

admin

Чолпон-Атада «Мурас» ат оюндары өттү

admin

Камчыбек Ташиев Баткенде жыйын өткөрдү

admin

Комментарий