Бишкектин мектептеринде онлайн окуу 28-декабрга чейин узартылды 

Билим берүү жана илим министрлигинен Бишкек шаарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында онлайн режиминде окутууну 28-декабрына чейин узартылгандыгын билдиришти.

Мындай чечим Бишкек шаарынын вице-мэри шаарда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгын маалымдагандыктан улам кабыл алынган. «Менчиктик таандыгына жана түрүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (балдар бакчаларында) окуу-тарбиялоо процесси облустук/райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары тарабынан берилген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Бишкектеги үч конушта ичүүчү суу өчүрүлөт 

admin

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

Энергетика министрлиги: Көмүр биринчи иретте элге эмес, ЖЭБке берилет 

admin

Комментарий