Борбор калаада троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы айтылды.

Бишкек шаарында транспорттук кызматтарды жакшыртуу максатында төрт троллейбус каттамы убактылуу автобустарга алмаштырылды. Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, №4, 5, 8 жана 10 троллейбус каттамдары эми ошол эле номердеги автобустар менен тейленет.

Бул өзгөрүү жаңы автобус линияларын ишке киргизүү менен байланыштуу. Ал эми №14 жана №17 троллейбус каттамдары жакынкы келечекте калыбына келтирилери белгиленди. Учурда троллейбус автобазаларында электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул иштердин жүрүшүндө троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары, троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустарды пайдалануу пландалууда. Бул жаңылануу экологиялык таза жана сапаттуу коомдук транспортту камсыздоого багытталган.

Related posts

«650 миңди жашырам деп, 100 миң сом сураган». Кара-Сууда салыкчы кармалды

admin

Кыргызстанга Россиянын президенти Путин келди

admin

ЖОЖдордун биринде декандын орун басарын кармады, Ал студенттерден пара талап кылган

admin

Комментарий