Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө ишенимден ажыратуу маселеси Бундестагда каралып жатат. Жыйынга катышкан 717 депутаттын ичинен 394ү канцлерге каршы добуш берип, 207 депутат ага ишеним көрсөтөөрүн билдирген, 116 депутат ортодо турган. Өкмөткө ишенимдин жоктугунан жана президент парламентти тараткандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү мүмкүн. Шаршембиде канцлер өзү ишеним көрсөтүү боюнча сурам жиберген.

Бул процесстин алдында Германияда экономикалык жана саясий каатчылык күчөгөн. Фридрих Мерц, Христиандык-демократиялык союздун башчысы, Шольцту Германиядагы экономикалык каатчылыктын жүзү деп атап, анын өлкөнү уятка калтырганын айтты. Канцлер өзү Украинага аскерлерди жана Taurus ракеталарын жөнөтүүдөн баш тартканын билдирген. Германиянын өкмөттүк коалициясы дагы бөлүнүп-жарылды, финансы министри Кристиан Линднер кызматтан кеткенден кийин кырдаал татаалдашкан.

Related posts

«Туулган күнүндө жерге берилген». Бүгүн Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун туулган күнү

admin

Эрте картайган синдрому менен эң узак жашаган адам каза болду. Ал 28 жашта болчу

admin

Саламаттыкты сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

admin

Комментарий