Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин агымы 2 эсеге көбөйгөн 

Бишкек, 18.10.22..

Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат, 2021-жылдын 12 айында өлкөгө 3 млн 560 миң турист келген.

“Ал эми быйыл 6 айда бюджетке Кыргызстандын мейманкана жана ресторандар тармагынан түшкөн киреше 388 млн 175 миң сом түздү”, — деди ал.

Шатманов белгилегендей, жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстандын аймагына 4 млн 993 миң 23 адам кирген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көптүк кылат.

Related posts

Чүйдөгү эс алуу борбордо 1,5 жыл үй-бүлөсү менен жашаган аял качып кеткен

admin

Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

admin

Мөмө жемиштен көп түшүм алган чемпиондор белгилүү болду

admin

Комментарий