Бышырып жегидей кекиликсиңби?! Парламентте УКМК төрагасы менен депутат кайым айтышты

Жогорку Кеңеште УКМК торагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтышты.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда канал куруу чечими 1965-жылы жазылган. Ошону курсак болот беле?», деп суроо берди депутат Бакиров, парламент жыйыныда.

Азыр Кыргызстан менен Өзбекстан эки башка мамлекет, учурда эки өлкө ортосунда арык казуу да оор болуп жатат, ал эми чон канал куруу дегеле мүмкүн эмес маселе болуп турат.

Албетте канал курсак, бизге да абдан жакшы болмок, көптөгөн кайрак жерлерибиз сугарылмак», — деп жооп берди Ташиев.

Өз кезегинде Бакиров берилген суроосун кайра кайталап, эмне үчүн бул канал курулбай жатканын кайрадан сурады.

«Мен сизге түшүндүрүп жатам. Канал куруу мүмкүн эмес. Сиз мурда да бул суроону бергенсиз. Бирок жазуу түрүндө бербей жатасыз. Жазып бериңиз», — деди Ташиев.

«Мен бул маселени бир нече жолу айттым. Айтканым дароо жазылат да», — деп жооп берди Бакиров.

«Сиз жазып бериңиз. Жазып бербей тапшырма бергидей сиз кимсиз? Сиздин ким экениңизди билебиз, кантип депутат болгонунузду да билебиз»,- деди өз кезегинде Ташиев.

«Мен депутатмын, мени кааласаңыз бышырып жеңиз. Мени эл шайлаган», — деди Бакиров.

«Сени бышырып жегидей, сен эмне кекиликсиңби?», — деп жооп берди Ташиев.

Төрага Нурланбек Шакиев депутат менен УКМК торагасын тынчтыкка чакырып, жыйынды улантты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйын Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган  тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Related posts

«Карыган ата-энеси келди». Балыкчыдагы жол кырсыкта жабыркаган кыздын атасы тосмо арыз жазып берди

admin

Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

admin

20-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий