Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиевдин буйругу менен заманбап технологияларды колдонуп комплекстүү издөө-куткаруу иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын жараны Наталья Игоревна Наговицына 1977-жылдын 20-августунда туулган, 2025-жылдын 13-июлунда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Кыргыз Республикасына келген.
2025-жылдын 12-августунда Победа чокусуна (7439 м) чыгуу учурунда Н.Наговицынанын буту сынып калган. Куткаруу кызматтары тарабынан бир нече жолу эвакуациялоо аракеттери көрүлгөн, бирок алар өтө татаал тоолуу рельефтен жана ыңгайсыз метеорологиялык шарттардан майнап чыккан эмес. Операциянын алкагында жогорку тактыктагы жабдуулар менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен альпинист турган жерди абадан видеого тартуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, анын ичинде катуу шамалга карабастан, тепловизордун жардамы менен абадан байкоого алынган кадрларды алууга мүмкүн болгон. Алынган маалыматтарды талдоонун негизинде, факторлордун комплексин, анын ичинде аба ырайынын экстремалдык шарттарын жана жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен альпинист Н.Наговицынанын турган жеринен жашоонун белгилери табылган жок.

Related posts

Республика боюнча 614 миң га кунарсыз жайыт жерлерин өздөштүрүү зарыл

admin

Иранда жардыруудан 103 адам каза болду

admin

УКМК: «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү

admin

Комментарий