«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөлөрүн кармап, экөөнү камады 

Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөлөрү кармалып, экөө камакка алынса, калгандары боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, алар өлкөдө массалык нааразылык акцияларын өткөрүү менен ири толкундоолорду жаратып, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдык жүргүзгөнү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Массалык башаламандыкка чакыруу») негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада партиялык материалдардан тышкары анын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынган.

Related posts

Рейд жүрүүдө: Кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурда 10 миң сом айып пул салынат

admin

Жабырлануучу Жаныбек Абировду кечирип, тосмо арыз жазды

admin

Президент Садыр Жапаровдун Карылар күнүнө карата куттуктоосу

admin

Комментарий