Чүйдө бир жумада 4239 жолу жол эрежелери бузулган

Чүй облусунун аймагында бир жума ичинде 4239 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 24-июлдан тартып, 30-июлга чейин 4239 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 28;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 30;

-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 1;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1801;

-Башка унааларга тоскоолдук жаратуу жана жол белгилерге баш ийбөө  -769;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 605;

-Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 166 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Булак:Сереп

Related posts

22-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков табылды

admin

Салттуу ислам түшүнүгү боюнча жыйын болуп өттү

admin

Комментарий