Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган келин. Төрөттөн кийин операция жасалган

Чүйдө келин төрөттөн кийин көз жумду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон. Ымыркайдын абалы жакшы экендиги, ал эми келин Токтогул районунан келгени маалым болду. Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.

Окуя боюнча редакцияга милициядан маалымат беришти. 11-февралда саат 18:10 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Жайыл райондук төрөт үйүнөн 1988-жылы туулган келиндин төрөттөн кийин каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Жайыл РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

Териштирүү учурунда, 10-февралда Жайыл райондук төрөт үйүнө келин түшүп, саат 03:54 чамасында төрөп, төрөттөн кийин абалы начарлаганына байланыштуу операция жүргүзүлгөн. Келин операциядан кийин каза болгондугу аныкталган. Учурда соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Жеке ишкер Исманали Жороев Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

admin

Кытайда катуу сууктан көлмөдөгү канаттуулар кырылып калды (видео)

admin

«Колун кесип, жанын алып калгыла деп жаттым» дейт ооруканага колу сынып барып каза болгон бейтаптын жубайы

admin

Комментарий