Чүйдөгү мүрзөлөрдүн биринен курал-жарактар табылды (сүрөт, видео)

Аламүдүн районунун аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маркум криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылган. Такталган маалымат боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан мүрзөнүн аймагындагы мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган.

Табылган баштыкты текшерүү учурунда ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Related posts

КР УКМК: «Шрам» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Бишкекте Тойота Харриер унаасын уурдап качкан кыз кармалды

admin

УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

admin

Комментарий