Чүй жана Ысык-Көлдө жер титиреди 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Парламент ЖК депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү мыйзамын колдоду

admin

Манас шаарында үйүндө «черный ломбард» уюштурган аял кармалды

admin

Депутат Эмил Жамгырчиев камакка алынды

admin

Комментарий