Чүйдө 72 жаштагы пенсионер тонолду 

Чүй районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

5-декабрда саат 07:00 чамасында 1950-жылы туулган аял кишинин үйүнө ууру кирген. Белгисиз жаран үйдүн жарыгын өчүрүп, күч колдонуп, колу-бутун узарткыч менен байлап, 50 миң сомун, 10 миң сомдук сөйкөсүн, 23 миң сомдун телефонун алып кеткен.

Кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө уланууда.

Related posts

Роналду карьерасындагы эң кооз голдордун бирин киргизди

admin

Саат 9:30 — 11:00 аралыгында кофе ичпөө керек. Окумуштуулардын иликтөөсү

admin

“Клооп Медиа” Коомдук фондунун өкүлдөрүнүн деструктивдүү аракеттери токтотулду

admin

Комментарий