Чүйдө кичи автобустун айдоочусу жүргүнчү менен мушташкан

Ысык-Атада ден соолукка атайылап залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июлда саат 14:00 чамасында №341 кичи автобуста 1968-жылы туулган жүргүнчү менен 1995-жылы туулган каттамдын айдоочусу уруша кетишкен. Айдоочу жаранды сабап салган. Жабырлануучу алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, камакка алынды.

Related posts

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

Садыр Жапаров: Эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок!

admin

Комментарий