Чүй облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн 4 эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери төрөт үйүнө барышып, ымыркайлардан кабар алып, алардын ата-энесин ымыркайлардын төрөлүшү менен куттуктап, белектерин беришти. Дароо “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга документтер толтурулган.
10-февралда Кыргызстанда төрт эм төрөлгөн.Аларга Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди. Азыркы күндө ымыркайлардын энесинин жана ымыркайлардын абалы жакшы.