Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында сметалык баасы 500 миллион сомдон ашык жаңы райондук оорукананы куруу долбоору бекитилди

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт чөйрөлөрү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана социалдык туруктуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизгендиктен, улуттук коопсуздуктун маанилүү элементтери болуп саналат.
Андыктан, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарын өркүндөтүү боюнча керектүү иштер, анын ичинде алардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлүүдө. 
    Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районуна барып, Каныш-Кыя айылындагы сметалык баасы 500 миллион сомдон ашык жаңы райондук оорукананы нөлдөн баштап куруу долбоорун бекитти.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында республикабыздын калкын, ошондой эле коңшу мамлекеттердин жарандарын тейлей турган заманбап кардиологиялык борбор, спорт сарайы, 2000 орундуу филармония, ошондой эле   жакынкы келечекте мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошкон бүтүрүүчүлөрдү чыгара турчу «Акылман» Президенттик лицейи курулат.

Related posts

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Шарапаткан Мажитова: “Баткен облусуна аскердик госпиталь уюштуруу зарыл”

admin

Баткендеги «Халмион» базарынан өрт чыкты

admin

Комментарий