Чет элдик жаран УКМК кызматкери болуп, элди алдаган

УКМК кызматкерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Азербайжан Республикасынын жараны А.С. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, КР жаранынын «Сахаб» аттуу жаранга карата чара көрүү тууралуу арызынын негизинде, ал өзүн КР УКМК кызматкери катары тааныштырып, ишенимине кирип, №1 тергөө абагында камакта жаткан уулун актап берүүнү убада кылып, алдоо жолу менен 24 100 АКШ доллары жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алгандыгы аныкталды.


Мындан тышкары, КР жараны тарабынан «Сахаб» аттуу адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен түшкөн арыздын алкагында, ал 2025-жылдын сентябрь айынын башында Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде, «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын жанында өзүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын иштеп жаткан кызматкери катары тааныштырып, ишенимге кирүү жана алдоо жолу менен, тигүү цехине ишке орноштуруу үчүн Вьетнам жарандарын алып келүү шылтоосу менен 14 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алгандыгы аныкталды.

Бирок, аталган адам каражатты алгандан кийин, милдеттенмелерин аткарбастан, ар кандай шылтоолор менен акчаны кайтарып берген эмес.

Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.
КР УКМК А.С. аттуу жарандын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын нөөмөт кызматына 0312 88 83 52 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Related posts

Садыр Жапаровду Азербайжанда кандай тосуп алышты?

admin

Ысык-Көлдө 35 жаштагы жаранды сабоого шектелип Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды 

admin

«Аябай капа болдум». Малайзия менен болгон оюн тууралуу Штефан Тарковичтин ою

admin

Комментарий