Чилиде чоң өрт каптап, 50дөй киши каза болду. 200дөн ашуун кишинин дайыны жок

Чилиде катуу күн ысып, кургакчылык каптап турган кезде бир сутканын ичинде 140тан ашуун өрт катталды. Жүздөгөн имараттар күйүп, 50дөй киши каза болду, 200дөн ашуун кишинин дайыны жок.

Өлкөнүн президенти Габриэль Борич каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди, анткени өрт токтой элек.

Өлкө ичинде 43 миң гектардан ашуун аянт өрттөнүп жатат. Аны 1500дөй өрт өчүрүүчү токтотууга аракет кылышууда. Бул кырсыкты өлкөнүн тарыхындагы эң масштабдуу деп аташууда.

Related posts

Садыр Жапаров “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

admin

Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

admin

Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

admin

Комментарий