«Чолчоңдобой жүрүңүз!…»: Парламент төрагасы Шакиев Нурдан Орунтаевге

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаевдин дарегине сын айтты. Бул маселе депутаттардын Орунтаевдин орун басарынын телефон чалуусунан кийинки арыздануусуна байланыштуу.

«Нурдан мырза, негизинен айтылган сөз — атылган ок дейт. Андай сөз болгондон кийин тигил жагынан, бул жагынан жымсалдаштын кереги жок. Болгонун болгондой айтыш керек. Бул сиз тараптан кечирилгис, чоң ката. Бүгүн дагы жыйынга келбей, орун басарыңызды жөнөтүп, атайын чакыруу менен келип жатасыз. Сиз эмне өзгөчөсүзбү? Биринчиден…

Экинчиден, сиз көп эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон эрке балдар болгон. Ошол эрке балдардын тагдырынын аягы эмне менен бүткөнүн көргөнбүз. Учуру келгенде биринчи ушул эрке балдар жазаланат. Сиз бүгүнкү бийликтин көлөкөсүнө жүрүм-турумуңуз менен күбө түшүрбөңүз. Кыргызда жакшы сөз бар: «Эркелесең эркеле, бирок чолчоңдобо» дейт. Чолчоңдобой жүрүңүз, депутаттарга акыл үйрөтпөй. Депутаттар өзүнүн округуна качан барышы керектигин өздөрү билет. Кулагыңызга күмүш сырга…», — деди Н.Шакиев.

Related posts

ИИМ: Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды

admin

Кыргызстандагы төрт облустук милицияга жаңы жетекчилер дайындалды 

admin

Үлүш ээлеринин алдындагы милдеттерди аткарбаган курулуш компаниянын жер тилкеси алынды

admin

Комментарий