Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды. Ал Камчы Көлбаевге жер тилке берген деп айыпталууда

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы 10 миллион сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Аталган жарандын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.

Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри 1 айга камакка алынды. Ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл району боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Related posts

Дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргойт

admin

Бишкекте телефондук террорист жарым жылга эркиндигинен ажыратылды

admin

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Бакытбек Мажитов дайындалды

admin

Комментарий