Чүйдө карындашын коргоп, ок чыгарган ага эркиндикке чыкты

Токмокто карындашын коргоп, ок чыгарган ага абактан чыкты. Маалыматты карындашы өзү билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облустук сотунун өкүмү менен жабырлануучу тарап менен түзүлгөн келишимди эске алуу менен ага Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси «аффект абалында киши өлтүрүү» боюнча бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл киргизилген. Ал сот залынан бошотулду.

Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон. 20-июнда шектүүнүн бир тууган карындашы менен байланышканыбызда, агасы 3 жылга эркинен ажыратылганын билдирген.

Related posts

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

24-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Моя прекрасная няня» сериалы менен таанылган актриса Анастасия Заворотнюк каза болду

admin

Комментарий