Чүйдө мас киши үйгө кирип, аялга бычак сайган. Шектүү кармалды

Чүйдө денеге залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Сокулук РИИБге 1970-жылы туулган жаран кайрылып, 1969-жылы туулган жаранга чара көрүүнү суранган. Маалыматка караганда, 25-февралда болжол менен саат 08:15 чамасында мас болуп алып үйүнө кирип, анын 1969-жылы туулган жубайына бычак сайган. Кесепетинен аял ооруканага жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1969-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.

Related posts

Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салынды

admin

Камчыбек Ташиев: «Түрмөдөгүлөр да тартипке салынат»

admin

«Досун эстейм деп, өзү эскерилип калды». Рахман Разыковдун китебинин ачылышы болду

admin

Комментарий