Чүйдөгү эс алуу борбордо 1,5 жыл үй-бүлөсү менен жашаган аял качып кеткен

Аламүдүндө алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрда милицияга эс алуу борборлорунун биринин администратору арыз менен кайрылган. Ал 2021-жылдын июлунан 2023-жылдын январына чейин жумушчу персоналды алдап, өзүн ири инвестор катары көрсөтүп, үй-бүлөсү менен «VIP» бөлмөлөрдө эс алуу кызматын колдонгон чет элдик жаранга чара көрүүнү суранган. Ал шектүүнүн 8 миллион 986 миң 457 миң сомду төлөбөстөн качып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1985-жылы туулган аял кармалып, камакка алынды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин айтып, алардын колдоосуна таянып, жогорку кызматтагы адамдардан акча талап кылган. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин аныктоо иштери уланууда.

Related posts

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотту

admin

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

admin

КР УКМК: КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

Комментарий