“ЦУМдун» башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Камчы Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, 22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы “ЦУМ” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

«Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.
Буга чейин “ЦУМ” соода борборунун ээси Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган»,— дешти.

Related posts

КР УКМК: Сокулук районунун мурдагы чиновниктеринин жакын туугандары, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди

admin

Кыргызстан Казакстанга дагы гумжардам жөнөттү

admin

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясында курман болгондорду эскерди   

admin

Комментарий