«Дүрбөлөңгө түшпөңүз!»: Эртең өлкөдө сиренелар иштейт

Эртең, 3-октябрь күнү саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордун борборлорунда сирена жаңырып, машыгуу өтөт.

«Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу!», — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Сирена 5 мүнөткө чейин жаңырышы мүмкүн. Машыгуу 5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулуп жатат. Ага бардык мамлекеттик ведомстволор, билим берүү мекемелери катышары мерчемделген.

Related posts

Шамалдын кесепетинен унаага бак куласа ким жооп берет? Юристтин жообу

admin

13-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

admin

Комментарий