28-июлда Даниел Ажиев мамлекеттик бюджетке 44 миллион сом өлчөмүндө акча которгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда АКИpress жазды.
Маалыматты расмий органдар тастыктап же четке кага элек.
Даниель Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.