Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынан алтын утту

Кыргызстандык Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Турнир ушул күндөрү Филиппинде өтүп жатат.

26-февралда 200 метр аралыкка брасс жарышы болуп, ага жалпысынан 14 спортчу катышкан. Алдын ала жарышта Петрашов 27,87 секунд убакыт көрсөтүп, 1-орунду ээледи. 

Финалдык сүзүүдө кыргызстандык 27,67 секунд жыйынтыгын жакшыртып, биринчи болуп, Азиянын жаңы чемпиону болду. 29-февралда Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышат.

Related posts

Алай районунун акими болуп Азамат Кожомамбетов дайындалды

admin

Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун рекорддук учуру катталды

admin

Тик учак кырсыгынан каза болгон жигиттин апасы: «Уулум «колун сурадым, быйыл үйлөнөм» деген»

admin

Комментарий