Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышат 

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Австралияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 13-18-декабрь күндөрү Мельбурн шаарында өтөт. Петрашов 50, 100, 200 метр аралыктарга брасс ыкмасы менен сүзөт.

Спортчу башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчили астында мелдешке катышат. 

Белгилей кетсек, мелдешке 173 өлкөдөн 850 спортчу катышып, жалпы байге фонду 2 млн АКШ долларын түзөт.

Related posts

Ысык-Көлдө кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

admin

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 101 жашында дүйнө салды

admin

12-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий