Депутат Эльмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен жолукканын айтты

Социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттар Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиевдин качкын президент Курманбек Бакиевдин сыйлуу коногу болушканын жазып чыгышкан. Төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул жалган экенин билдирген. 

Kaktus.media басылмасына бул маалыматты Бактыбек Сыдыков да четке каккан. Анын айтымында, пландалбаган жолугушууларга убактысы болгон эмес. Ал эми басылмага депутат Эльмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен жолукканын айткан.

«Жеке мен жөнүндө айта турган болсок, мен Бакиев менен ушул сапардын алкагында жолуктум. Ал менин президентим болчу, мен анын кол алдында иштегем. Бул адамдык мамиле. Биз күнүмдүк темалар жөнүндө сүйлөштүк, бирок саясат жөнүндө эмес», — деп жооп берген эл өкүлү.

Ал ошондой эле Бакиев менен үйүндө эмес, бейтарап аймакта жолукканын айтып, бирок ал жердин атын айтуудан баш тарткан.

Related posts

Нарында 10 жылдыктар жалгыз бой энеге үй белек кылышты

admin

Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу. Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол коюлду

admin

«Мурдагы бийлик тушунда салынган». Министр талкаланып калган жол боюнча үн катты

admin

Комментарий