Депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады. Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир окульттук, магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

«Белгилүү болгондой, турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда көзү ачык жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат. Алар келип чыккан көйгөйлөрдү өздөрүнүн демейдегиден башкача ыкмаларынын жардамы менен толук жок кылууга кепилдик берет. Мындай кырдаалда жогоруда белгиленген алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегет. Айласы кетип турган адам анын бардык кайгы-капасын жана көйгөйлөрүн жоюуга убада берген ар кандай адамга ишенүүгө даяр. Психологиянын жардамы менен адамдардын башын айлантуу жагынан зор тажрыйбага ээ болуу менен алар кайрылган жаранга анын келечегин, өткөндөгүсүн жана башкаларды көзү ачыктык кылып айтып берет. Жогорку технологиялардын жана илимий прогресстин кылымы болгон азыркы учурда өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес экендигин көрүү аянычтуу.

Белгилеп кетүү керек, «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык жазгырмалуу жарнама түшүнүгү бар. Ал Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Ошондуктан киргизилген толуктоолор жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө түшүнүктү так чектөөгө, атап айтканда, ак ниетсиз жарандар тарабынан алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюуну киргизүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Өтмөк ашуусунда абал кандай?

admin

Өмүрбек Текебаев Варшавада аны 18 жыл мурун абактан бошоткон судья менен жолукканын жазды

admin

Муфтият Орозо айы качан башталарын жар салды

admin

Комментарий