Депутат «кышында жарык өчүрүүлөр болобу же жокпу?» деп кызыкты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев энергетика министри Таалайбек Ибраевге кайрылып, жарык өчүрүлө баштаганын билдирди.

«Азыр кыш келет. Кышында өчүрүү болобу же болбойбу?» — деп суроо салды.

«Азыр оңдоо иштери аяктап жатат. Ноябрдан баштап оңдоо иштери токтотулат. Анча-мынча жерлери калды. Графиктери бар. 1-2 күн мурун маалымат берип туруп анан өчүрүп жатабыз», — деди ал.

Related posts

12-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

admin

Комментарий