Депутат Шарапаткан Мажитова Бишкектеги аялуу катмардагы балдар тарбияланган окуу борборлорунан кабар алды 

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Бишкек шаарынын интеллектуалдык өнүгүүсүндө көйгөйлөрү бар балдардын №104 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды. Ошондой эле, борбордун Свердлов районундагы  «Айданек» реинтеграциялоо борборунан кабар алды.

Алгач депутат балдарды жаңы жыл майрамы менен куттуктап, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан майрамдык белектерди тапшырды.

Аталган билим берүү уюму 1969-жылы ачылган. Бүгүнкү күндө жалпы 99 бала орус тилинде билим алат. Алардын арасында ар кандай майыптыгы бар балдардын саны 35 түзөт.

Эл өкүлү андан ары  «Айданек» жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борборуна баш бакты. Борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, андан соң балдардын  майрамдык концертине катышты. Балдарды жаңы жылы менен куттуктап сөз сүйлөп: “Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердин теңчилик боюнча кеңешменин атынан жана Төраганын атынан жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктайм. Аны менен катар ушул жерде балдар менен күндөп, түндөп иш алып барган жоопкерчиликтүү, түйшүктүү жумушту аркалап жүргөн эмгек жааматка ыраазычылык билдирем”,-деп белектерди тапшырды.

“Айданек” борборунун жетекчиси Эльмира Джумаева кабар алып келгени үчүн депутат Шарапатхан Мажитовага ыраазычылык айтып, борбордун чечилбеген көйгөйлөрү менен бөлүштү: “Бул жерде турмуштун оор шартына туш болгон балдар алты айга келет. Бул аралыкта алардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоп, дене боюна, психологиялык жана моралдык жаракаттарынын кесепеттерин жоюуга шарт түзөбүз. Бирок бул алты айда кайра калыбына келтирүүгө аздык кылат”,-деди ал.

Борбор 45 орунга ылайыкташканы менен келген балдардын саны  50-60гө чейин жетет дейт жетекчи: “Бул жерде балдар алты ай кана тарбияланат. Андан соң атайын түзүлгөн коммисиянын чечими менен үйүнө же туугандарына кайтарылат. Эгерде кабыл ала турган эч кимиси жок болсо сот аркылуу ата-энеси укуктарынан ажыратылат, балдар интернаттарга жайгаштырылат”.

Аталган борбор  2009-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районунда багуусуз калган балдар үйү катары ачылган. Ага 3 жаштан 18 жашка чейинки курактагылар кабыл алынат. Учурда 45 бала тарбияланууда.

Related posts

«Газпром Кыргызстан» успешно завершил газификацию трех участков села Новопавловка

admin

Впервые Кыргызстан проектирует, изучает и строит железную дорогу Балыкчы — Кочкор собственными силами, — доктор технических наук

admin

Юношеский чемпионат мира: Сегодня три кыргызстанца будут биться за выход в полуфинал

admin

Комментарий