Депутат Шаирбек Ташиев жылдан жылга кыскарып, жетишсиз болуп бараткан жайыттарды кеңейтүүнүн жолун сунуштады.
“Суусамырдын жайыттарын каптаган тикенектер жылдан-жылга жайылып баратат. Аталган өсүмдүктү жок кылбаса, малчылар мал багууда кыйынчылык жаратат. Мындан улам бул өсүмдүктү жок кылуунун түрлөрү бар. Бирок акча каражат керектелет. Ал үчүн атайын тиешелүү органдар менен биргеликте гранттарды алып келсе болот”, — деди депутат.