Депутаттар  Камбарата -2 ГЭСинин ишмердүүлүгү менен таанышты 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары 17-18-октябрда энергетикалык объекттердин (Таш-Көмүр ГЭС, Курпсай ГЭС, Токтогул ГЭС жана Камбар-Ата-2 ГЭС) ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрүштү.

Иш-чарага комитет мүчөлөрү, энергетика министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Иш сапардын биринчи күнү эл өкүлдөрү Таш-Көмүр, Күрпсай жана Токтогул ГЭСтерине барышты. Бүгүн болсо депутаттар Камбарата-2 гидроэлектростанциянын абалы менен таанышты. Берилген маалыматка ылайык, Камбарата-2 ГЭСинин долбоору 1985-жылы «Ташгидродолбоор» институту тарабынан иштелип чыгып, 1986-жылы Камбарата-2 ГЭСинин негизги курулмаларынын курулушу башталган. ГЭСтин курулуш боюнча иштери 1991-жылы СССРдин урашы менен токтотулган, бирок Камбарата-2 ГЭСинин курулушу тууралуу 2007-жылдын 23-октябрындагы № 502 Токтомуна ылайык 2007-жылы гидроэлектростанциянын курулуш иштери кайра жанданган. Жекече сыноолор өткөрүлгөндөн кийин 2007-жылдын 27-ноябрында Камбарата -2 ГЭСинин № 1 гидроагрегаты өндүрүштүк ишке коюлган.

Жалпысынан гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 МВт болсо, № 1 гидроагрегаттыкы120 МВт. 110 кВ жогорку чыңалуу чубалгыларынын тарамдары боюнча электр энергия энергосистемге берилет.

Депутаттар ГЭСтерге болгон иш сапарынын жүрүшүндө иштеп жаткан гидроэлектростанцияларды модернизациялоо, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү, ошондой эле экспорттук потенциалды жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Эл өкүлдөрү республиканын энергетика тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Жыйындын соңунда депутаттар көтөрүлгөн маселелерди комитеттин жыйындарында иштеп чыгууга убада беришти.

Related posts

The Healthiest Smoothie Orders at Jamba Juice, Robeks

admin

Meet the Nokia 8 — The First Android Flagship From The Iconic Brand

admin

Android Instant Apps Now Accessible by 500 Million Devices

admin

Комментарий