Депутаттар Маматалиев жана Кокулов 42 курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту

23-майда Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев жана депутат Эрулан Кокулов 42 курулуш компаниясынан алданган үлүшчүлөрү менен алардын талылуу маселелерин талкуулоо жана маселени маселени чечүүнүн мындан аркы механизмин иштеп чыгуу максатында жыйын өткөрүштү. Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жыйында алданган үлүшчүлөр боюнча түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Депутаттар менен үлүшчүлөр ар бир турак-үйдүн учурдагы абалын кеңири талкуулашты. «Маселе абдан олуттуу, мамлекеттик органдар бул көйгөйдү дыкат иликтеп жатышат. Биз да маселени көзөмөлгө алдык», — деп белгилешти депутаттар.

Related posts

КР УКМК: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү

admin

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

admin

ИИМ: Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды

admin

Комментарий