Депутаттар Орусиядагы Парламенттик оюндарда 3-орунду ээлешти (сүрөттөр)

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Москвада өтүп жаткан XI Эл аралык парламенттик оюндардын алкагында теннис боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

27-29-октябрь күндөрү Москва шаарында XI Эл аралык Парламенттик оюндар өттү.

Белгилей кетсек, оюндарга 12 өлкөдөн депутаттар чакырылып, спорттун жети түрү боюнча турнирлер өткөн. Атап айтканда, бул стол жана чоң теннис, бадминтон, кичи-футбол, шахмат, бильярд жана гольф.

Мындан тышкары жолдоштук футбол мелдеши уюштурулуп, Орусия парламентинин командасы менен дүйнө парламентарийлеринин командасы беттешти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев теннис боюнча мелдеште 1-орунга ээ болду. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары бильярд, стол тенниси сыяктуу номинациялар боюнча 3-орунду камсыздашты.

Оюндардын жыйынтыгында жалпы командалар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары 3-орунду ээлешти. Алсак, команданын курамында депутаттар Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Дастан Бекешев, Жаныбек Кыдыкбаев, Замирбек Мамасадыков, Кундузбек Сулайманов, Бакыт Тентишев, Мейкинбек Абдалиев, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Дастанбек Жумабеков, Азамат Исраилов, Эрулан Кокулов, Нурлан Ражабалиев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Миргүл Темирбаева кирди.

Related posts

Бишкектеги 4 айлык наристенин аянычтуу өлүмү. УКМК тергөө жүргүзүп жатат

admin

Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү 

admin

Тоолорго кар жаайт. 31-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий