Депутаттардын айтканы боюнча өкмөт кызматтык иликтөө жүргүзөт

«Мен дароо Таласта болгон окуя тууралуу тапшырма бердим. Жагдайын кечке чейин айтат» деди Жогорку Кеңештин жыйынына барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев. 

«Биз кызматтык иликтөө жүргүзөбүз», — деди ал.

Буга чейин бир нече депутат өкмөт мүчөлөрүнө нааразы болгон. Депутат Марат Мураталиевдин айтымында, ал Таласка барганда ооруканага киришкен, бирок Мамкурулуштун башчысынын орун басары чалып, «Силер ал жерге эмнеге бардыңыздар? Эмнеге киресиңер, киргизбегиле» дегенин айтты. 

Related posts

Сумбула (мурда — Андарак) айылындагы баасы 3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

«300 доллардан 3 миң долларга чейин». «Элиталык» сойкулардын «ээлери» кармалды

admin

УКМК төрагасы Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды

admin

Комментарий