«Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады». Операция ийгиликтүү аяктады

Кечээ, 10-июнда кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Операция 8-9 саатка созулуп, министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон калууда. «Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деди министр.

Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Буга чейин министрликтен операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болору маалымдалган.

Related posts

Кыргызстанда 8 миңге жакын адам баңгизатка көз карандыларды

admin

Камчы Көлбаевдин айдоочусу болгон «Данила» кармалды (видео)

admin

Ошко бергенден калган Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат

admin

Комментарий