«Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады». Операция ийгиликтүү аяктады

Кечээ, 10-июнда кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Операция 8-9 саатка созулуп, министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон калууда. «Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деди министр.

Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Буга чейин министрликтен операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болору маалымдалган.

Related posts

What’s On The Horizon For Men’s Fashion This Fall

admin

12 миңден ашуун маданият кызматкери аттестация тапшырат

admin

Бишкекте бүгүн бир катар жолдор оңдоого жабылды

admin

Комментарий