«Дордойго» барат. 18-октябрдан тартып Бишкекте №226 автобус каттай баштайт

Бул чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” соода-базар комплексинин жумушчуларынын, базарга келүүчүлөрдүн жана администрациясынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мындан кийин №226 кичи маршруттук каттам ушул эле номурдагы автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” мамлекеттик ишканасы тейлейт. Каттам Асанбай кичи районунан “Дордой” базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Транспорт департаменти ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга умтулат, ошондой эле бардык жүргүнчүлөрдөн тазалыкты сактоону суранат. Бул чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосуна ээ болду.

Related posts

«Түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатабыз» деген жашоочуларга курулуш компания жооп берди

admin

Түркияда 2 жолу жер титиреди

admin

Лавров россиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча үн катты

admin

Комментарий