«Дордойго» барат. 18-октябрдан тартып Бишкекте №226 автобус каттай баштайт

Бул чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” соода-базар комплексинин жумушчуларынын, базарга келүүчүлөрдүн жана администрациясынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мындан кийин №226 кичи маршруттук каттам ушул эле номурдагы автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” мамлекеттик ишканасы тейлейт. Каттам Асанбай кичи районунан “Дордой” базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Транспорт департаменти ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга умтулат, ошондой эле бардык жүргүнчүлөрдөн тазалыкты сактоону суранат. Бул чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосуна ээ болду.

Related posts

Жаан жаабайт. 25-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

«Эл-журтка уят болуудан алыс болуңуздар». ИИМдин башчысы жаңы жетекчилерге кайрылды 

admin

КР УКМК: Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий