«Досун эстейм деп, өзү эскерилип калды». Рахман Разыковдун китебинин ачылышы болду

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында маркум куудул, белгилүү сатирик Рахман Разыковдун китебинин бет ачары болду. Аталган иш-чараны куудулдун жубайы Диля Разыкова уюштурган.

Диля айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине иш-чара тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

«Рахман бул китепти куудул досу Манас Бердибековго арнап, «Манаска кат» деген аталышта жазган болчу. Ага кошумча «Аралаштын» 35 жылдык тарыхы, сатиранын түптөлүшү тууралуу тарых катары жазып жүргөн эле. Досун эстеп китеп чыгарам деп жүрүп, эми минтип Рахманды эстеп калбадыкпы. Рахмандын китебинин ачылышына маданият чөйрөсү, кесиптештери Абдылда Иманкулов, Күмөндөр Абылов, Гүлшайыр Садыбакасова, Кубик Калыков жана башка инсандар келишти. Кудай буюрса, мындан кийин Ош шаарына да барып Рахманды сыйлаган, сатирасын сүйгөн инсандарга да китептин ачылышын өткөрсөкпү деп жатабыз»,- дейт Диля Разыкова.

Related posts

Москва эскалацияга тез жооп берет. Путиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары

admin

Бишкекте таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод жыл соңунда ишке берилет

admin

Депутаттар Ташиевдин чек ара маселесин чечүүдөгү кадамдардын баатырдыкка салыштырышты

admin

Комментарий