«Досун эстейм деп, өзү эскерилип калды». Рахман Разыковдун китебинин ачылышы болду

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында маркум куудул, белгилүү сатирик Рахман Разыковдун китебинин бет ачары болду. Аталган иш-чараны куудулдун жубайы Диля Разыкова уюштурган.

Диля айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине иш-чара тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

«Рахман бул китепти куудул досу Манас Бердибековго арнап, «Манаска кат» деген аталышта жазган болчу. Ага кошумча «Аралаштын» 35 жылдык тарыхы, сатиранын түптөлүшү тууралуу тарых катары жазып жүргөн эле. Досун эстеп китеп чыгарам деп жүрүп, эми минтип Рахманды эстеп калбадыкпы. Рахмандын китебинин ачылышына маданият чөйрөсү, кесиптештери Абдылда Иманкулов, Күмөндөр Абылов, Гүлшайыр Садыбакасова, Кубик Калыков жана башка инсандар келишти. Кудай буюрса, мындан кийин Ош шаарына да барып Рахманды сыйлаган, сатирасын сүйгөн инсандарга да китептин ачылышын өткөрсөкпү деп жатабыз»,- дейт Диля Разыкова.

Related posts

Кара-Суу районунда пара алып жаткан айыл башчысынын орун басары кармалды  

admin

Түн уйкуну бузгандарга каршы! Депутаттар Атамбаев менен Бекешевдин мыйзам долбоору колдоого ээ болду

admin

УКМК: Салык кызматынын кызматкерине пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды

admin

Комментарий