Дубайга сойкулукка сатылган өспүрүм кыз тууралуу милиция маалымат берди

Ысык-Көл облустук милициясы Дубайга сойкулукка сатылган 14 жашар өспүрүмдүн окуясы 2025-жылы октябрда Балыкчы шаарында эки окуучу кыздын мушташынан кийин аныкталганын билдирди.

Алардын урушу териштирилип жатканда кыздардын бири 2024-жылы июнда атасынын 24 жаштагы карындашы Ж.Р. менен Дубайга барганы маалым болгон. Ал жерден эжеси шарт түзүп, Б.М. аттуу жаран тарабынан 14 жаштагы кызга карата бир нече ирет жыныстык мүнөздөгү аракеттер жасалган.

«2025-жылдын 7-октябрында жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза өспүрүмдүн денесине зыян келгенин тастыктаган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») 2-бөлүгү (балдарды пайдалануу) менен иш козголуп, Ж.Р. шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын аракеттеринде кылмыштын уланма мүнөзү да бар экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Б.М. кылмышты жашыруу максатында кызга уюлдук телефон, ноутбук жана зер буюмдарды белек кылып, таасир этүүгө аракет кылганы белгилүү болгон. 29-декабрда тергөө аяктап, иш облустук прокуратурага жиберилген. Прокуратура тарабынан айыптоо актысы бекитилип, сотко жөнөтүлгөн.

Related posts

УКМК: Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды

admin

Кара-Сууда 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

admin

КР УКМК: Чет элдиктер фирмалык кийимдерди документи жок тигишкен

admin

Комментарий