Айыл чарба министрилиги жакынкы арада дыйкан-фермелерге 12 миллионго жакын сапаттуу көчөт сунушталаарын жана 200 миң уй жасалма уруктандырылаарын кабарлады

Президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин андан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкан-фермерлерди жогорку кирешелүү, сапаты мыкты көчөттөр менен камсыз кылуу жана малдын породаларын жакшыртуу максатында асылдандыруу багытындагы жасалма жол менен уруктандыруу иштерине олуттуу көңүл бурулуп, бир катар маани иштер жасалууда.


Бул багытта 2023-2024-жылдар аралыгында республика аймагындагы питомниктерди инвентаризациялоо жүргүзүлүп, мөмө — жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын өндүрүү жана көбөйтүү менен алектенген 15 чарбага тиешелүү статус берилди. Натыйжада жогорку сапаттагы, сорттун тазалыгы тастыкталган көчөт материалдары менен багбандарды, фермерлерди камсыздоо мүмкүнчүлүгүн түзүлүүдө. Башкача айтканда, статус алган питомниктерде 2025-жылы багбандарга сунуштоого 11 млн. 868 миң 703 даана мөмө — жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү даяр болуп калды.
Ал эми малды жасалма жол менен уруктандыруу породаларын асылдандыруу багытында республикада 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. 2024-жыл ичинде 44642 баш уй-кунаажындар уруктандыруудан өткөрүлдү. Алдыда, 200 миң уйду жасалма жол менен уруктандыруу аракети көрүлөт.


Бүгүнкү күндө мамлекеттик “Элита” станциясы 6535 кг суюк азот өндүрүп, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздап келүүдө.
Малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында, 2024-жылга дистрибьютордук борборлор тарабынан чет өлкөлөрдөн ташылып келинген асыл тукум уруктук материалдар 52 330 дозаны түздү (орто баасы — 450 сом). Ал эми Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту 30 500 доза өндүрүп (баасы – 150 сом) республиканын техник уруктандыруучуларын камсыздады.
Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун базасын жакшыртуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан токтом кабыл алынып, 17,6 млн сом акча каражаты, асыл тукум малдын сапатын жакшыртууга бөлүнүп берилди. Бул каражатка Европа өлкөлөрүнөн, сапаттуу геномдук баасы койулган, 4-муунга чейин изилденген 9-12 айлык асыл тукум өндүргүч букачарлар сатылып алынат. Алынып келген асыл тукум букачарларды институттун биоборборунда өстүрүп, жогорку сапаттагы уруктарды алып, тоңдурууга үйрөтүлөт.


Республиканын климаттык шартына ылайыкташтырылган швиц абердин-ангус, семинтал ири мүйүздүү малдын породалары Мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунда багылат. Жогорку сапаттагы букалардан тоңдурулган уруктары алынып, фермерлерге (220-250 сом 1 дозасы) таратылат.
Мындан сырткары, кой чарба багытында асылдандыруу иштерин колго алып “АРАШАН” породасынын эң сапаттуу асыл тукум өндүргүч кочкордон урук алынып тоңдурулууда. Институттун базасында адистердин коштоосунда 5000 доза урук тоңдурулуп Генбанкка жайгаштырылды. Ар тараптардан азыркы күндө сатып алууга заявкалар түшүүдө.

Related posts

Ысык-Атада дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Канттын талаасынан табылды 

admin

Конституция кабыл алынгандыгына 30 жыл. Президент кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады

admin

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди 

admin

Комментарий