Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалдан тарта катышууда. Кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өттү.

Ал эми Мээрим Жуманазарова биринчи атаандашы болгон перулук спортчуга бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп, андан соң украиналык балбан кыз менен кез келди. Кыргыз спортчусу атаандашын 5:2 эсебинде артка калтырып, чейрек финалга чыкты. Жуманазарова 68 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Эскерте кетсек, дагы бир кыргыз балбаны Айпери Медет кызы кечээ Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.

Related posts

«Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт». Ташиев бир криминал баш көтөрсө, башын кыя чабарын айтты

admin

Киев АКШ менен жаңы келишим түзүүгө макул болду. Зеленский Вашингтонго барат

admin

Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну 18-майдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий