ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

Июндун аягына берилген маалымат боюнча, ЕАЭБде иш менен камсыздоо кызматтарына 912,3 миң киши каттоого турган.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде жумушсуздук 12,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.

Июндун аягына берилген статистика боюнча, ЕАЭБде иш менен камсыздоо кызматтарына 912,3 миң киши каттоого турган.

«Өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу жумушсуздук 12,4 пайызга кыскарганы аныкталды. Бүгүнкү күндө иши жок жүргөндөрдүн саны жумушчу күчүнүн 1 пайызын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 1,1 пайыздын чегинде болчу», — деп айтылат кабарда.

Related posts

1-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бали! Денис Петрашов экинчи ирет Азия чемпиону болду

admin

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Комментарий