ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз быштагы менен сырын көп сатып алышууда

БИШКЕК, 19-ноябрь. Кыргызстандын быштагы жана сырлары негизинен Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Январь-сентябрь айларынын аралыгында Кыргызстан 1 525,5 тонна сыр жана быштакты экспорттогон.

Импорттоочу өлкөлөрдүн тизмеси:

  • Казакстан — 1 042 тонна;
  • Россия — 339 тонна;
  • Өзбекстан — 144,5 тонна.

Мындан тышкары, Беларусь республикасына 4,8 миң сомдук быштак менен сыр жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанды кошпогондо, бул өлкөлөрдүн бардыгы ЕАЭБдин мүчөлөрү болуп саналат.

Related posts

Мароккодогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 2122 кишиге жетти

admin

1-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ырчы Рустам Сагыналиев каза болду

admin

Комментарий