ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.

Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн консультациялык жолугушуусуна катышкан.

«Учурда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин күчүнө киргизүү үчүн ЕАЭБде зарыл болгон бардык процедуралар аяктады. Жакын арада бул процесс Иранда да аяктайт деп күтөбүз», — деди Слепнев.

Министр соода-экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде гана эмес, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдап да көмөктөшүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле бизнес-өкүлдөрдү келишимди ишке ашырууга активдүү катышууга жана Ирандын ЕАЭБдеги байкоочу статусун эске алуу менен түзүлгөн механизмдердин алкагында иштөөгө чакырды.

Related posts

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

Камчыбек Ташиев: «Жалал-Абадда 3000 ипотекалык батир курулуп жатат»

admin

Кемпир-Абад оппозицянын бийликке келүү амалыбы?

admin

Комментарий